Анын айтымында, эл аралык стандарттарга ылайык, үч сааттан ашык убакытка созулган каттамдардын эконом-классындагы жүргүнчүлөрү милдеттүү түрдө ысык тамак менен камсыз болушу керек.
Азырынча бул каттын негизинде орусиялык авиакомпаниялар кандайдыр бир чараларды көргөн-көрбөгөнү белгисиз. Назарзода орус компаниялары бул талапты аткарбаса, аларга карата чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Негизги бөлүгүн эмгек мигранттары түзгөн орус авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрү буга чейин кызмат көрсөтүү сапатына бир канча жолу даттанышкан. Алар авиабилеттер кымбат баада сатылып жатканына карабастан, жүргүнчүлөргө учакта суу гана берилерин айтышкан. Алар ушундай эле нааразылыктарын тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясына карата да айтышкан.
Орусиядан Тажикстандагы төрт аэропортко "Урал аба жолдору", Nordwind Airlines, Utair, S7 Airlines жана "Ямал" орус авиакомпаниялары каттамдарды аткарышат.