Маалыматка караганда, буга чейин банкка Чыныбай Турсунбековдун балдары ээлик кылып келген – акцияларынын 40% Эржан Чыныбай уулуна, 30% Бегимай Чыныбай кызына жана 30% Айдай Турсунбековага таандык болгон.
Апта башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирип, бул үй-бүлө 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен тартып алганын маалымдаган. Ташиевдин айтымында, Чыныбай Турсунбеков банкты аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, аталышын "Капитал банк" деп өзгөртүп иштетип келишкен.
Экс-спикердин кыздарына Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо) боюнча иш козголгон. Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатын иштеткен Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынып, Бегимай Чыныбай кызы үй камагына чыгарылган.
Азырынча Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын адвокаты же туугандары бул кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.