Ссылки доступа

Казакстан: Экоактивисттер АЭС куруу процессинде эл аралык укук сакталбай жатканын билдиришти


Казакстанда атомдук электр станция (АЭС) курууга каршы өнөктүк уюштурган демилгелүү топ бул маселеге байланыштуу билдирүү жасады.

Өлкөнүн түрдүү аймактарынан чогулган экологдордон, экологиялык укук боюнча эксперттерден, энергетиктерден жана жарандык активисттерден турган топтун билдирүүсү өкмөт АЭС куруу маселеси боюнча өлкөнүн аймактарында коомдук угууларды өткөрүп жаткан маалда жарыяланды.

Анда экологиялык топ бийлик АЭС куруу жөнүндө чечимди кабыл алуу проецессине кийлигишип жатканы жана эл аралык укук ачык эле бузулуп жатканы жазылган.

Билдирүүнүн авторлору мындан тышкары карыздарга, технология жеткирүүчүлөргө болгон көз карандуулукка жана экологиялык коркунучтарга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.

Демилгелүү топ АЭС куруу маселеси боюнча өтө турган референдумга даярдык көрүү үчүн платформа да түзүшкөн.

Бул боюнча өлкөнүн Энергетика министрлиги комментарий берген жок.

Казак президентинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө АЭС куруу маселеси боюнча референдумду быйыл күзүндө өткөрүү пландалууда. Азырынча анын так датасы белгисиз. Буга чейин АЭС Балхаш көлүнүн боюна, Алматы облусундагы Үлкен айылына жакын жерге курулары кабарланган.

XS
SM
MD
LG