Ссылки доступа

Тажикстандын мектептеринде 2 670 мугалим жетишпейт


Тажикстандын орто мектептеринде 2 670 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Рахим Саидзода билдирди.

"Бүгүнкү күндө мугалимдердин жетишсиздиги – билим берүү тармагындагы актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Маселени чечүү үчүн быйыл мектептерге жогорку курста окуган 2170 студент тартылды", – деди ал.

Министр бул көйгөйгө бардык эле өлкөлөр туш болорун белгилеп, ага негизинен мугалимдердин пенсияга жана декреттик өргүүгө чыгуусу себеп болорун айтты.

Бирок эксперттердин көбү билим берүү тармагындагы адистердин жетишсиздигин айлык акынын төмөндүгү жана ылайыктуу шарттардын жоктугу менен байланыштырып жатышат.

Тажикстанда мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 1 200 -1 500 сомонини (113-140 АКШ доллары) түзөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкө мектептеринде 120 миңден ашык мугалим иштесе, алардын 70% аялдар.

XS
SM
MD
LG