Чечүүчү беттеште 31 жаштагы Сметов француз спортчусу Лука Мхеидзени жеңип алды. Жарым финалдык беттеште казакстандык азыркы дүйнөнүн чемпиону, Европанын үч жолку чемпиону Франсиско Гарригосту утуп алды. Жарым финалга чыгардан мурун Сметов голландиялык Торнике Чакадуаны, украиналык Дилшот Халматовду жана тайвандык спортчу Юн Вей Янгды жеңген.
Элдос Сметов үчүн Париждеги Олимпиада үчүнчү болуп саналат. Дзюдочу Рио-де-Жанейродо күмүш, Токио оюндарында коло медаль тагынган.
Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына Казакстандын атынан 80 спортчу катышууда. Оюндар 11-августка чейин уланат.