Орусиянын Тергөө комитетинин сайтында “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону айтылган, бирок баланы куткарган тажикстандык мигрант экени белгиленген эмес. Бул мекеме мигранттарды ырайымсыз куугунтуктаганы жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген чет элдик жумушчуларга каршы көптөгөн чектөөчү демилгелери менен белгилүү. Тергөө комитетинин отчетунда баланы сактап калган Обидов "окуянын күбөсү" деп гана аталат.
Бир катар басылмалар, анын ичинде Mash окуянын чоо-жайын жазып, Обидов менен болгон кыска маекти жарыялады.
Окуя Москвадагы балдар аянтчаларынын биринде болгон. 27 жаштагы Алексей К. аттуу орусиялык жаран баланы скамейкада отурган апасынын колунан жулуп кеткен. Сейил бакта велосипед менен бараткан Мухаммаджон ал кишини тез эле кууп жеткен. Ал Mash басылмасына кылмышка шектелген адам баланы жерге ыргытып жибергенин, Мухаммеджан аны көтөрүп алып апасына тапшырганын айткан:
"Эгер дагы ушундай нерсе кайталанса, мен сөзсүз түрдө дагы жардам берем", - деген Обидов
Бул окуядан кийин кыздын энеси Мухаммеджанга ыраазычылыгын билдирип, алар полиция менен тез жардам кызматын чакырышкан. Бала жерге түшкөндө, башынан жана көкүрөгүнөн жаракат алган.
“Крокустагы” терактка негизинен Тажикстандын жарандары айыпталгандан кийин Орусия эмгек мигранттарын куугунтуктоо, камакка алуу, өлкөдөн чыгаруу жана алардын келүү шарттарын чектөө боюнча масштабдуу кампаниян баштаганы маалым.