Маалыматка караганда, учурда курулуш иштерине 3,5 миң киши жана 3 миңден ашык техника катышууда. Миринин айтымында, канал беш жылдан кийин толук иштей баштайт.
Буга чейин каналдын курулушу толугу менен аяктаса, Ооганстан Амударыядагы суунун 15 пайызын алары кабарланган. Өз кезегинде бул Өзбекстан менен Түркмөнстан үчүн олуттуу көйгөй жаратары айтылып келет.
Талибдер Коштөбө каналы аркылуу Балх, Жаузжан жана Фарьяб провинцияларындагы 500 миң гектарга жакын жер сугарыларын билдиришкен.
Суу маселеси боюнча ооганстандык эксперт Нажибулла Садид Коштөбө каналынын ишке кириши Ооганстанга орточо эсеп менен жылына 500 миллион доллар киреше алып келерин айткан.
План боюнча каналдын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, тереңдиги дээрлик 8,5 метр болушу керек. Курулуш долбоору беш жылга эсептелген.