Мындан үч жарым ай мурун расмий Анкара Тажикстан жарандарына виза режимин киргизген.
Түркия элчилигинин өкүлүнүн айтымында, туристтик, жумуш, окуу жана бизнес визалары бериле баштайт. Атын атагысы келбеген чиновник 30-июлда билдиргендей, тажик жарандарынын болжол менен 90 пайызы туристтик виза алуу үчүн кайрылышат.
«Бул виза 60 доллар турат жана бир жолу барууга берилет. Борбордун кызматы жана туристтик камсыздандыруу акысы кошумча 120 долларды түзөт. Жалпысынан туристтик визанын баасы 180 доллар. Жумуш визасынын баасы кымбатыраак болот», - деп белгиледи ал.
Түркия тажик жарандары үчүн визаны 2024-жылдын апрелинде киргизген, бул чечимге расмий түшүндүрмө берген эмес. Түркиянын мындай кадамына “Крокустагы” теракт жана Стамбулдагы чиркөөгө кол салуу себеп болушу мүмкүн деген пикирлер бар. Эки чабуулга тең тажик жарандарынын тиешеси бар экени айтылган.
Түркия Тажикстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен 14-орунда турат. Соңку мезгилге чейин эки өлкө ортосундагы жылдык соода жүгүртүү 363 миллион долларды түзсө, азыр виза режими киргизилгендиктен бул көрсөткүч кыскарды.