Ссылки доступа

Тажикстан жыл башынан бери табият кырсыктарынан $12 млн чыгымга учурады


2024-жылдын алгачкы алты айында жаратылыш кырсыктары Тажикстанга 131 миллион сомони (12 млн доллар) чыгым келтирди. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Рустам Назарзода билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпысынан 532 табият кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 57 учурга көп.

Назарзода 12 жаратылыш кырсыгынын (тогузу сел, төртөө чагылган жана экөө жер көчкү) жыйынтыгында 15 киши өлгөнүн билдирди.

Мындан тышкары ал жыл башынан бери өлкөдөгү дарыялар менен көлдөргө 86 киши чөгүп кеткенин кошумчалады. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки учурга көп.

Тажикстан табигый кырсыктар көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирип, жыл сайын кар көчкү жана сел өңдүү кырсыктардан улам миллиондогон сомонилик чыгымга учурап келет.

Быйыл жазында өлкөдө көптөгөн суу ташкындары болуп, ондогон турак үйлөр жана инфраструктура объектилери зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG