Ссылки доступа

"Казакфильмдин" башчысы карьерасын Кытайда улантуу үчүн кызматтан кетүүдө


Мамлекеттик "Казакфильм" кинокомпаниясынын президенти Азамат Сатыбалды кызматтан кетип жатканын билдирип, бул чечимин актёрлук карьерасын Кытайда улантуу планы менен түшүндүрдү.

Informburo.kz сайтынын маалыматына караганда, Сатыбалды Кытайда өтүп жаткан эл аралык престиждүү кинодолбоорго катышууда.

"30-июлдан бери Кытайда эл аралык кинодолбоорго катышып жүрөм. "Казакфильм" менен түзгөн келишимдин мөөнөтү аяктады, аны узартпай эле коюу чечимин кабыл алдым. Казак актёрун алгачкы жолу ушундай даражадагы эл аралык долбоорго чакырышты. Мен съёмкаларга катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алдым. Бул менин актёрдук карьерамдагы маанилүү кадам жана казак искусствосун дүйнөлүк аренада таанытууга болгон мүмкүнчүлүк. Съёмкалар Кытайда жана Казакстанда бир нече айга созулат", – деди Сатыбалды.

Kursiv.media басылмасы өлкөнүн Маданият министрлиги Сатыбалдынын кызматтан кетип жатканы жөнүндөгү маалыматты төгүндөгөнүн жазды.

Азамат Сатыбалды "Казакфильм" мекемесинин президенти кызматына 2023-жылы июлда дайындалган.

XS
SM
MD
LG