Асланбек Шымбергенов (71 кг) иорданиялык Зейяд Ишаиштан 2:3 эсебинде, Камшыбек Кункабаев (91 кг) испаниялык Аюф Гадфеден 2:3 эсебинде, Махмуд Сабырхан (51 кг) испаниялык спортчу Хосе Куилестен 1:4 эсебинде жеңилип калды. Күйөрмандар биринчи беттеште бул мушкерлер жеңилет деп күткөн эмес, алар Кункабаев финалга чыгып, алтын үчүн өзбекстандык Баходир Жалолов менен рингде кез келет деп жатышкан.
Жеңилген казак мушкерлери колдон келген бардык аракетин жасаганын айтышты.
Бокс күйөрмандары негизинен мушкерлердин даярдыгын жана алардын рингдеги аракеттерин сындашты.
Бээжин олимпиадасынын чемпиону Бакыт Сарсекбаев биринчи айлампада эле жеңилип калган казак мушкерлеринин физикалык абалы начар экенин айтты.
"Экинчи раундда дем алуулары кыйын болуп, рингде араң басып жүрүштү. Соккулар аз. Соккулардын комбинациялары да азыраак. Үч мүнөттө канча сокку жасоого мүмкүн?! Үч раундда тең бутуна тура алышкан жок... Лицензия алгандан кийин ар бир боксчу Олимпиадага чейин канча беттеш өткөрдү? Тажырыйба барбы? Мисалы, мен алты айдын ичинде 22 жолу мушташкам. Жада калса башкы машыктыруучуга айта турган сөзүм жок..." деп жазды Сарсекбаев Фейсбуктагы билдирүүсүндө.
Спорт журналисти Леонид Юрьев жеңилген үч мушкер рингде начар кыймылдашты деп эсептейт.
Бокс боюнча Казакстандын эркектер командасында дагы деле Парижде медал алууга мүмкүнчүлүгү бар. Байге үчүн Сакен Бибосынов (51 кг), Мухаммедсабыр Базарбайулы (63,5 кг), бир туугандар Нурбек (80 кг) жана Айбек Оралбайлар (92 кг) күч сынашат.
Учурда Казакстандын улуттук курама командасынын эсебинде бир алтын жана эки коло медал бар. Элдос Сметов 60 килограммга чейинки салмакта дзюдо боюнча чемпион аталса, дзюдочу Гусман Кыргызбаев 66 килограмм салмакта коло медал тагынды. Пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Ислам Сатпаев менен Александра Ле коло медалга ээ болушту.