Министрликтин өкүлү Орусияда видеохостинг ылдамдыгынын төмөндөгөнү Өзбекстанга такыр таасир этпей турганын айтты.
"Эгерде YouTube бир өлкөдө жай иштей баштаса, бул Өзбекстанда басаңдады дегенди билдирбейт, башкача айтканда, ал бир өлкөгө байланган эмес", — деди Шерзод Ахматов.
Буга чейин соцтармактардын колдонуучулары Өзбекстанда акыркы күндөрү YouTube видеохостингинин ылдамдыгы жайлап баратканына нааразы боло башташкан. Алар YouTube'дан видеолорду жүктөөнүн басаңдашы компьютерлер үчүн ылайыкташтырылган версияларда байкалганын, бирок мобилдик тиркемелерде эч кандай көйгөй болбогонун жазышкан.
"Өзбектелеком" компаниясынын басма сөз катчысы Тимур Мамажонов да Өзбекстандагы YouTube видеохостингинин иши солгундап жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
"Учурда "Өзбектелеком" акционердик коомунун бардык телекоммуникациялык кызматтары адаттагыдай эле көрсөтүлүүдө. Эч кандай чектөөлөр жок", - деди чиновник.
Өзбекстанда YouTube жайлады деген дооматтар Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Хинштейндин келерки аптанын аягына чейин өлкөдө YouTube видеохостинг кызматында видео жүктөө ылдамдыгы 70% төмөндөйт деп айткандан кийин чыкты. Хинштейн мындай кадамга видеохостинг кызматынын "антиорусиялык саясаты" себеп болгонун билдирген.