Анын айтымында, эки ай мурда жасалган кылмыш боюнча тергөө иштерин Башкы прокуратуранын ыкчам-иликтөө тобу жүргүзүүдө.
"Тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук болбошу үчүн азырынча шектүүнүн аты-жөнү жана эмне себептен мындай кадамга барганы айтылбайт", – деди Тухтасунзода.
Айрым булактар шектүү жергиликтүү тургундарды мүлкүн уурдоо максатында өлтүргөнүн кабарлап жатышат.
Ал арада Канибадамдын башчысы жылдын биринчи жарымында шаарда беш адам өлтүрүү фактысы катталганын, алардын бири-бирине байланышы болбогонун билдирди.
"Шаарда уурулук да кыйла азайды. Бардык жерде талап-тоноо болуп жатканы жөнүндөгү ушактар негизсиз", – деп кошумчалады калаа башчысы.