Ссылки доступа

"Таштүрмөдөгү" камактагылар суу берүүдөгү мүчүлүштүктөргө даттанууда


Өзбекстанда эл арасында "Таштүрмө" деген аталыш менен белгилүү Борбордук тергөө абагындагы камактагылар жабык жайга суу берүүдө олуттуу мүчүлүштүктөр болуп жатканына даттанышты. Бул тууралуу адвокат Абдумалик Абдуллаев Telegram-каналына жазды.

Анын айтымында, суу тергөө абагына суткасына 4-6 сааттан гана берилүүдө.

""Таштүрмөнүн" камераларындагы камактагылардын саны нормадан ашык. Алардын саламаттыгына кам көрүшпөйт, медициналык кызматтар тиешелүү деңгээлде эмес. Мындай көрүнүштөр алардын арасындагы нааразылыктын масштабын кеңейтүүдө", – деп жазды Абуллаев.

Ал өлкөнүн акыйкатчысын бул абалды иликтеп чыгып, коомчулукка маалымат берүүгө чакырды.

"Таштүрмө" 1891-жылы Орус падышалыгынын генерал-губернаторунун буйругу менен курулган. Өзбекстанда адам чыдагыс кыйноолор колдонулуп келген жабык жай катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG