Ссылки доступа

Казакстанда активист Абзал Достияров 20 суткага камалды


 Абзал Достияров
Абзал Достияров

Алматылык жарандык активист Абзал Достияров 20 суткага административдик камакка алынды. Ал 1-августта журналист Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча сот отуруму боло турган Конаев шаарына баратканда кармалган.

Достияров камактагы журналист Мухаммедкаримдин сот отурумуна катышканына байланыштуу "тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндөгү мыйзамды бузганы үчүн" административдик жоопкерчиликке тартылды.

Активист былтыр да ушундай эле айып менен 20 суткага административдик камакка алынган. Анда ал сот имаратынын алдында акция уюштурбаганын жана ага катышпаганын айтып, болгону андагы окуяны YouTube каналы аркылуу чагылдырганын билдирген.

Коомдук ишмер Рысбек Сарсенбайулы соттун бул чечимин адилетсиз деп эсептейт. Анын айтымында, айыптоо тарап активисттин күнөөлүү экенин далилдей алган жок.

"Экстремизмди каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча айыпталып жаткан Думан Мухаммедкарим 1-августтагы отурумда акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгонун билдирди.

Мухаммедкаримдин иши боюнча сот отурумдары жабык өтүүдө. Сот бүгүн, 2-августта өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG