Ссылки доступа

Өзбекстанда бозгундагы имамдын иниси камалды


Абдуллох Парпиев.
Абдуллох Парпиев.

Ташкент шаарынын Алмазар райондук соту бозгундагы имам Фазлиддин Парпиевдин иниси Абдуллох Парпиевди 15 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарды. Туугандары аны менен 1-августунан бери байланыша албай жатышкан.

Бул тууралуу Абдулла Парпиевдин агасы, алты жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы имам Фазлиддин Парпиев билдирди. Абдуллох Парпиевге 1-августта ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарган эмес, аларга каршылык көрсөткөн деген айып тагылган. Аны менен кошо сот жообуна дагы төрт адам тартылган.

Сот бардык айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусуна каршылык көрсөтүү", "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Өзбекстандын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин негизинде 15 суткага камакка алуу жана айып пул салуу өкүмү чыкты. Абдуллох Парпиев 680 миң сум (55 доллар) өлчөмүндө айыпка жыгылды, мындан тышкары 765 миң сум (60 доллар) өлчөмүндөгү айып пулду Ташкенттин башкы ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына төлөшү керек.

Фазлиддин Парпиев иниси Абдуллох башка айыпталуучуларды тааныбайт деп ырастоодо. Окуя болгон күнү Абдуллох балдарын машине менен бала бакчага алып бараткан, ошол маалда милиция бөлүмүнө чакырылып, балдарын унаада таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Айыпталуучунун адвокаты жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат. Ал мыйзамдын бир нече беренелери бузулуп, Абдуллохго негизсиз айып тагылган деп эсептейт. Абдуллохтун кайда экени жашыруун сакталып, ата-энесин тынчсыздандырууда. Абдуллох "кара" тизмеде жок жана тыюу салынган материалдарды сактаган эмес. Ал Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эл аралык байланыш бөлүмүндө иштеген.

Фазлиддин Парпиев 2018-жылдын сентябрь айына чейин Ташкенттеги “Амина” мечитинин баш имамы болгон. Ал Өзбекстандын укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу эркиндигин бузуп жатат деп президент Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жасагандан кийин кызматтан алынган.

Парпиев ошол эле жылдын декабрь айында Ташкент шаарынын прокуратурасы ага “саясий билдирүүлөрдү жазба” деп эскерткенин, андан соң имам Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

XS
SM
MD
LG