Ссылки доступа

Орусиядан Тажикстанга жарым жылда 80,5 миң аял кайтып келди


Быйыл алты айда Орусиядагы эмгек миграциясынан Тажикстанга 80,5 миңден ашуун аял кайтып келген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,5 миңге көп.

Тажикстандын Аялдар иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода 5-августта маалымат жыйынында билдиргендей, алардын дээрлик жарымы – Орусиядан кайтып келген 40 миңге жакын аял Иш менен камсыз кылуу агенттигине кайрылган.

Аткаминердин айтымында, кайрылган аялдардын 19 миңден ашыгы туруктуу жумуш менен камсыз болуп, 10 миңи кесипке үйрөтүлгөн.

Аялдар иштери боюнча комитеттин жетекчиси Бунафша Файзиддинзода кайтып келген аял мигранттардын санынын өсүү тенденциясын Орусия бийлиги мигранттарга каршы рейддерди жана текшерүүлөрдү күчөткөнү менен байланыштырды.

Ал канча аял күч менен депортацияланганын тактаган жок, бирок Москвадагы “Крокус Сити Холл” комплексиндеги терактты жасоого бир нече тажикстандык шектелгенден кийин мигранттарды депортациялоо боюнча маалыматтар кескин көбөйдү.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода 24-июлдагы маалымат жыйынында билдиргендей, 2024-жылдын алты айында Орусиядан Тажикстанга учак аркылуу депортациялангандардын саны эле 3400 адамды түзгөн.

XS
SM
MD
LG