Атайын кызмат Айыл жана суу чарба министрлигинин карамагындагы 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткени такталганын кошумчалады. Ал эми “Шар-Чебер” кооперативине Айыл жана суу чарба министрлигинин айрым кызматкерлеринин байланышы бар экени белгилүү болгон.
Иликтөө иштеринде “Евразия” базарынын (“Эл Гранд” ЖЧКсы) 1,14 га жер тилкеси жана жалпы аянты 3000ден ашык чарчы метр соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды. “Старый толчок” базарында курулуш материалдары сатылат.
УКМК жерлерди, имараттарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу иштери улантылып жатканын билдирди.
Атайын кызмат 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине качан өткөнүн тактаган жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 14-июнда Кара-Суу районундагы мечиттин ачылышында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылышы керек экенин айткан.
Айрым ишкерлер менен талдоочулар бул жеке менчик укугуна доо кетирерин билдирип келишет.