Маалыматка караганда, Саидалиев жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт. Ага "Опузалоо", "Алдамчылык", "Кылмыштуу топ түзүү", "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштыруу", "Бейбаштык" жана "Пара берүүгө катышуу" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Саидазиз Саидалиев баштаган дагы 28 кишинин иши боюнча сот отурумдары быйыл июнь айында Ташкентте башталган.
36 жаштагы Саидалиев менен анын шериктери былтыр декабрда, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын рейди учурунда кармалышкан. Анда булардан тышкары Бахтияр Кудратуллаев (Бахти Ташкентский), Салим Абдувалиев (Салимбай байбача), Лутфулла Умаров (Зики эски шахар) жана Баходир Султанов (Бохо завхоз) өңдүү бир катар кримтөбөлдөр кармалганы кабарланган.
Буга чейин Салим Абдувалиев алты жылга, Лутфулла Умаров 6 жыл 2 айга, Баходир Султанов 10 жылга жана Бахтияр Кудратуллаев 20 жылга соттолгон.