Ссылки доступа

Тажикстанда Гастроэнтерология институтунун башчысы кармалганы төгүндөлдү


Насим Олимзода
Насим Олимзода

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода өлкөнүн Гастроэнтерология институтунун директору Насим Олимзоданын кармалганы тууралуу маалыматты четке какты.

Министр 5-августтагы басма сөз жыйынында Олимзода жумуш ордунда экенин жана эртең менен жыйынга катышканын билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Абуллозода Саламаттык сактоо министрлигинде Олимзодага каршы кылмыш иши козголгон-козголбогону жөнүндө маалымат жок экенин айтты.

Июндун аягында социалдык түйүндөрдө Тажикстандын мурдагы саламаттык сактоо министри, Гастроэнтерология институтунун азыркы директору Насим Олимзода кармалганы жөнүндө билдирүүлөр тараган. Андан бери Олимзоданын иш бөлмөсүнө бир нече жолу барган "Озоди" радиосунун кабарчылары аны таба алышкан эмес. Анын кол алдындагы кызматкерлер жетекчиси кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөшкөн.

60 жаштагы Насим Олимзода Тажикстандык саламаттык сактоо жана калкы социалдык жактан коргоо министри кызматында 2017-2020-жылдары иштеген.

XS
SM
MD
LG