Ссылки доступа

Ооган-өзбек чек ара сызыгын сел жууп кетти


Ооганстан менен Өзбекстандын чек арасын сел жууп кеткендиктен, сызык кайра такталмай болду. Бул тууралуу Ооганстандын энергетика жана суу ресурстары министринин милдетин аткаруучу Абдуллатиф Мансур билдиргенин Kun.uz басылмасы кабарлады.

Министрдин айтымында, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чек араны тактоо иштери жаңы стратегиянын негизинде жүргүзүлөт.

Мансур ооган лидеринин тапшырмасы менен түзүлгөн пландын Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Чалгындоо Башкы башкармалыгы жана Тышкы иштер министрлиги биргеликте ишке ашырарын кабарлады.

«Тажикистан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чек ара сызыгыбызды сел жууп кетти. Эң негизгиси, биз мурдагы чек араларды аныктоонун үстүндө иштеп жатабыз жана жыйырма күн мурун бул маселени ооган лидери менен талкуулаганбыз», - деди ал.

Министр чек араны калыбына келтирүү иштери кантип жүргүзүлөрүн тактаган жок.

XS
SM
MD
LG