Ссылки доступа

Тажикстандагы Сарбанд ГЭСин жаңылоого 21 млн доллар грант бөлүнөт


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Сарбанд ГЭСин модернизациялоого 21 миллион доллар грант бөлөт.

Бул каражат Тажикстанда электр станциясын модернизациялоого жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков Сарбанд ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергия Тажикстанга жана коңшу өлкөлөргө пайда алып келерин билдирди.

Хатлон облусунда жайгашкан Сарбанд ГЭСин модернизациялоо 2013-жылы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен башталган. Анда бул эл аралык каржы институту ГЭСтеги алты энергоблоктун бешөөнү алмаштыруу үчүн 136 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн. Банктын маалыматы боюнча, 2019-жылы механикалык жабдуулардын бузулушунан улам ГЭСти модернизациялоо программасына кирбей калган энергоблок иштен чыккан. Эми банк бөлгөн гранттын алкагында бул блок да алмаштырылат.

Сарбанд электр станциясын модернизациялоо 2026-жылы аягына чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG