Ссылки доступа

Казакстан ТИМи жарандарын Бангладешке барбай турууга чакырды


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) казак жарандарын нааразылык акциялары уланып жаткан Бангладешке барбай турууга чакырды.

"Учурда Бангладеште жүргөн Казакстандын жарандарынан зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоону, коопсуздук чараларын сактоону жана сак болууну өтүнөбүз. Мындан тышкары жаңылыктарга көз салып, бийликтин сунуштарын эске алып, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик менен байланышта болууга чакырабыз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бангладеште бир нече жума мурда башталып, башаламандыктар менен коштолуп жаткан өкмөткө каршы акцияларда 300гө жакын киши каза болду.

5-августта Индияга качып кеткен премьер-министр Шейх Хасинанын отставкасынан кийин өлкөнүн убактылуу өкмөтүн Мухаммад Юнус башкарууда. Ал Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, банкир жана экономика тармагы боюнча профессор.

Демонстранттардын лидерлери тез арада парламентти таркатууну жана жаңы шайлоо дайындоону талап кылууда.

1971-жылдагы Пакистандан көз карандысыздык алуу үчүн болгон согуштун ардагерлеринин жакындарына мамлекеттик кызматтардын үчтөн бирин берүүнү кепилдеген системаны өзгөртүүнү талап кылган студенттердин нааразылыгы өкмөткө каршы акцияларга айланган. Көчөгө чыккан жарандар өлкөнү 15 жылдан ашык убакыт башкарган премьер-министр Шейх Хасинанын кызматтан кетишин талап кыла башташкан.

XS
SM
MD
LG