Ссылки доступа

Тажикстанда жарым жылда 50 коомдук уюм ишин токтотту


Быйылкы жылдын алты айында Тажикстанда 53 коомдук уюм жабылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн  Юстиция министрлигинин жетекчилиги 8-августтагы маалымат жыйынында билдирди.

Юстиция министрлигинин өкүлү Илхом Махмудзода кабарлагандай, алардын ичинен үч коомдук уюм – "Бирдей мүмкүнчүлүктөр", "Парвин" жана "Нури Умед Истаравшан" бейөкмөт уюмдары соттун чечими менен жабылды.

Юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бул коомдук уюмдардын ишинде “олуттуу мүчүлүштүктөр” бар экени аныкталганын айтты. Кемчиликтердин бири катары “уюмдун уставдык максаттарынан четтеп кеткенин” атады.

Юстиция министрлиги калган 50 уюм негизинен гранттын жоктугуна байланыштуу өз каалоосу менен жабылганын билдирди.

Бул арада жарым жылда 48 жаңы коомдук уюм катталган.

Көптөгөн эл аралык уюмдар, анын ичинде Евробиримдиктин өкүлчүлүгү Тажикстандагы коомдук уюмдардын жабылышын кооптонуу менен кабыл алып, бул “коомду демократиялаштырууга пайда алып келбейт” деп эсептешет.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 2 миңден ашык коомдук уюм бар.

XS
SM
MD
LG