Атайын кызмат маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.
Эркин Мамбеталиев - Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналып, оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылып, бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан.
Айрым маалыматтарга караганда, Мамбеталиев мурда кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин, ал өлгөндөн кийин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгон.