Мекеменин маалыматына ылайык, 26-июлда мас абалындагы тургун автоунаа жуучу жайда чыр чыгарган. Ал жерге барган укук коргоо кызматкерлери аны кызматтык автоунаага салып, соолуктуруучу жайга алып кетишкен. Жолдо ал жүрүп бараткан унаанын арткы эшигин ачып, секирип кеткен.
Ал көптөгөн жаракаттарды алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес", – деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.
Бул факты боюнча "Адам өлүмүнө алып келген жол коопсуздук жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелеринин бузулушу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоо кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды.