Бул 31 жаштагы Хасанбой Дусматовдун Олимпиада оюндарында алган экинчи алтын медалы. Мушкер 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында өзүнүн салмак категориясында чемпион болгон. Ошентип ал эки жолку Олимпиада чемпиону наамына татыктуу Өзбекстандан биринчи боксчу болуп калды.
Өзбекстандын дагы бир спортчусу, 22 жаштагы Улугбек Рашитов таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону болду. Финалда өзбекстандык спортчу иорданиялык Заид Каримди жеңип алды. 68 килограммга чейинки салмактагы спортчулардын беттеши 2:0 эсебинде өзбекстандык спортчунун пайдасына аяктады.
Ошентип Рашитов экинчи жолу Олимпиада чемпиону аталды – 2020-жылы Токиодо өткөн оюндарда да алтын медаль тагынган. Бүгүнкү күндө ал да эки Олимпиадалык алтын медалга ээ болгон жалгыз өзбек таэквондочусу.
Кечээки жеңиштерден кийин Париж Олимпиадасына катышкан Өзбекстандын делегациясы үч алтын жана эки коло медаль топтоп, Өзбекстан курамасы медалдар боюнча дүйнөдө 18-орунду ээледи.