The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, Киличевдин жүрөгү машыгуу аянтында кураманын башка мүчөлөрү менен чогуу Дусматовдун жеңишин майрамдап жатканда кармаган. Ага Улуу Британия курамасынын медиктери – Хардж Сингх менен Робби Лиллис алгачкы жардамды көрсөтүшкөн.
"Өзбек курамасынын машыктыруучулары машыгуу аянтына кайтып келип, жеңишти майрамдап жатышкан. Анан эле ал тараптан кыйкырыктар угулду. Биринчилерден болуп жанымдагы кесиптешим чуркап барды. Мен барганда ал өзбек машыктыруучусуна жасалма дем алдыруу көнүгүүлөрүн жасап жатыптыр. Дефибрилляторду алып чыгып, мүмкүн болушунча тезирээк жардам көрсөткөнгө аракет кылдык", – деди Лиллис.
Анын айтымында, Киличев 20-30 секундга созулган жасалма дем алдыруудан кийин гана эсине келген.
Азырынча Өзбекстандын машыктыруучулар штабы бул окуя боюнча комментарий бере элек.
51 килограммга чейинки салмак категориясында рингге чыккан Хасанбой Дусматов 8-августтагы финалдык беттешинде франциялык мушкер Биллал Беннамды жеңип алган.