Москванын Останкино райондук соту Жамаловдун айрым аракеттерине тыюу салуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Кеп кандай аракеттер жөнүндө болуп жатканы соттун маалыматында көрсөтүлгөн эмес.
Тергөө Жамалов өз аракетинин мыйзамсыз мүнөзүн жана коомго коркунучтуу экенин билип, саясий, улуттук кастык жана жек көрүүчүлүк мотивдери менен интернеттеги баракчасына чындыкка дал келбеген жарыяны жарыялаган деп эсептейт.
Жамаловго карата тергөө иши жүрүп жатканын ЖМКлар алгач жыл башында жазып чыгышкан.
Буга анын Фейсбуктагы посту себеп болгон, анда ал Украинадагы орусиялык аскер кызматкерлеринин жоготуулары тууралуу маалымат камтылган документти жарыялаган. Кошумчалай кетсек, Жамалов январь окуясында орусиялык аскерлердин Казакстанга киришин сындап, муну "оккупация" деп атаган.
2024-жылдын башында Орусиянын Тергөө комитети 2023-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрү тууралуу “фейктерди” коомчулукка таратуу беренеси боюнча 90 кылмыш иши, бул берене киргизилгенден бери 273 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.