Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 9-августта сот шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны 11-сентябрга чейин камакта калтырган.
Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) Түркиянын жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден көп суммадагы акча алган деген шек менен кармалганы июль айында белгилүү болгон.
Атайын кызматтын төрагасы 19-июлда Ош шаарынын мэриясындагы жыйында мыйзам бузгандар бийликте отурган адамдардын жакындары экенине карабастан жоопко тартыла турганын, кармалган шектүү бир тууган кайнежесинин күйөөсү экенин билдирген.