Азиз Воитов былтыр декабрь айында кармалып, ага "Ири өлчөмдө акча кымыруу" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү" беренелери боюнча айып тагылган. Ал айыл чарба министри кызматынан 2023-жылы октябрда алынган. Анда анын себептери расмий айтылган эмес.
44 жаштагы Воитов бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин коррупция айыбы менен камакка алынган эң жогорку кызматтагы аткаминер болуп калган.
Воитов Өзбекстандын Айыл чарба министрлигин 2022-жылдын августунан 2023-жылдын октябрына чейин жетектеген. Ага чейин инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары кызматында иштеген.