Ссылки доступа

Мирзиёевдин кызы Паралимпиада комитетинин башчысынын орун басары болду


Шахноза Мирзиёева Өзбекстандын Улуттук Паралимпиада комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук Паралимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Аткаруу комитетинин тиешелүү чечими менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева Улуттук Паралимпиада комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды», — деп айтылат комитеттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Шахноза Мирзиёева учурда Өзбекстандын президентине караштуу Улуттук социалдык коргоо агенттигинин директорунун биринчи орун басары. Буга чейин өзбек президентинин кичүү кызы Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын балдары жана жакындары өз өлкөлөрүндө жогорку кызматтарды ээлеп турушат. Шахноза Мирзиёева жолдошу, Азия Олимпиада кеңешинин вице-президенти Отабек Умаров менен бирге Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына барган.

28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өтө турган паралимпиадалык мелдештерге Өзбекстандан спорттун тогуз түрү боюнча 60тан ашык атлет катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG