Мекеменин маалыматына караганда, үчөө тең тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болгон деген шек менен кармалган. Кийинчерээк имам-хатиб бошотулуп, берки экөөнүн иши сотко өткөн.
Кожо Мухаммади Балодуркун атындагы мечиттин имамы Ихтиер кожо Камолов, мечиттин кызматкери Бахтиер Акбаров жана жергиликтүү тургун Мурзобухрон Салмонзода апрелдин башында кармалган.
Согд облусунун прокурору Фуркат Ходжазоданын айтымында, июль айында имам-хатиб мунапыс тууралуу мыйзамдын негизинде эркиндикке чыгарылган. Ошол эле маалда прокурор имамдын күнөөсү "толугу менен далилденгенин" белгиледи.
"Кармалгандардын баары экстремизмге айыпталган. Имамга, анын орун басарына жана жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголуп, тергөө аяктагандан кийин иш сотко жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул боюнча сот жараядары уланууда", – деди прокурор.
Эгер айыпталуучулар күнөөлүү деп табылса, 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушу мүмкүн.