Ссылки доступа

Кызылордодогу секс-кулчулук иши: ИИМ жалган маалымат таратуу боюнча текшерүү баштады


Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кызылордо облусунда "16 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалганы" боюнча ачылган кылмыш ишине байланыштуу "Жалган маалымат таратуу" беренеси менен текшерүү иштерин баштады.

Мекемеден белгилешкендей, бул ишке байланыштуу социалдык түйүндөрдө көптөгөн жалган маалыматтар тарап жатат.

"Бул иш боюнча кармалган эрезеге жете элек айыпталуучулар соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Жабырлануучу тарап укук коргоо органдарына алты айдан бери кайрылган эмес. Учурда иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ара тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүүдө", – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары айыпталуучулардын ата-энелерине "Балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрү жатканы кабарланды.

Өткөн жумада зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргоо менен алектенген "НеМолчиKZ" фонду Кызылордо облусунда классташтары 16 жаштагы кызды жарым жыл сексуалдык кулчулукта кармап келишкенин билдирген.

XS
SM
MD
LG