Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан чек арадан ID-карта аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо


Өзбекстан менен Казакстан эки өлкөнүн жарандарын мамлекеттик чек арадан ID-карта аркылуу өткөрүү маселесин талкуулашууда. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов билдирди.

«Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы чек араны достуктун жана ынак коңшулуктун көпүрөсү деп атаса болот. Муну 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын ички документ – жалпы жарандык ID-карта менен кесип өтүү тартиби ырастайт. Ушундай эле долбоор казак тарап менен талкууланып жатат», — деп айткан Камилов.

Учурда Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда визасыз режим бар, бирок эки өлкөнүн жарандары чек арадан чет элдик паспорт менен гана өтө алышат.

9-августта Астанада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйынында Шавкат Мирзиёев Борбор Азияда улуттук ID карталарды өз ара таанууну жана туризмди “Бир тур – бүткүл аймак” принциби боюнча өнүктүрүүнү сунуштаган.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча, Казакстан менен чек арасын тактап, укуктук жактан тариздеп бүттү. Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстан менен чек араны делимитациялады.

XS
SM
MD
LG