Кыймылдын лидери Шарофиддин Гадоев бул чечимди “демократиянын нормаларын бузуу” жана Улуттук альянста “диктатураны түзүүгө салым кошуу” деп түшүндүрдү.
Алты жыл мурун Варшавада түзүлүп, бир жылдан кийин Тажикстанда террористтик-экстремисттик уюм деп жарыяланган, 2019-жылдын 15-августунан бери өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Тажикстандын Улуттук альянсы бул билдирүүгө азырынча жооп бере элек. Буга чейин альянстын басма сөз катчысы Салим Султонзода Гадоев боюнча чечим 10-августта кабыл алынганын жана ал “кызмат абалынан аша чапкан” деген жүйө менен топтун курамынан чыгарылганын билдирген.
Анткен менен Шарофиддин Гадоев өзү Кабирини альянстын жетекчилигинен кетүүсүн талап кылгандан кийин курамдан чыгарылганын айтууда.
«Биримдиктин жана демократиянын символуна айланышы керек болгон альянс Мухиддин Кабиринин жеке бийлигинин жана ал жетектеген партиянын куралына айланды... Натыйжада альянстын кеңешинин мүчөлөрүнүн 75 пайызы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү. Бул дисбаланска алып келди жана азыр альянстагы бардык чечимдер Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын пайдасына кабыл алынып жатат», - деп түшүндүрдү Гадоев.
Улуттук альянстын башчысы Мухиддин Кабири бул айыптоолорго азырынча жооп бере элек.
Шарофиддин Гадоев 2012-жылы Умарали Кувватов менен бирге Тажикстандан чыгып кетип, “Группа 24” тобун түзгөндөрдүн башында турган. 2015-жылы Түркияда Кувватов атып өлтүрүлгөндөн кийин Гадоев анын ордуна "Группа 24" уюмунун башчысы болуп шайланган, бирок дээрлик бир жылдан кийин ал бул кызматтан алынып, Европага кеткен. Азыр 39 жашта. Ал Тажикстанды реформалоо жана өнүктүрүү кыймылын жетектейт жана Нидерландыда жашайт.
2019-жылы ал Москвага учуп келип, ал жактан уурдалып, Душанбеге жеткирилген. Эл аралык кысымдан кийин ал бошотулган.
Тажикстандын Улуттук альянсы 2018-жылы сентябрда түзүлгөн жана аны максаты “оппозициялык күчтөрдү бириктирүү, адам укуктарын сыйлоо, демократияны, эркин жана ачык шайлоолорду өткөрүү” болгон.