Ссылки доступа

Бельгия издөөдө жүргөн тажик жаранын өлкөдөн чыгарууну чечти


Бельгия бийлиги Тажикстандын жараны Ситорамо Иброхимованы депортациялоону чечти. Укук коргоочу уюмдар Брюсселди бул чечимди жокко чыгарууга чакырышып, "ал өз мекенинде кыйноого жана түрмөгө туш болот" деп тынчсызданышты.

The Insider уюму Тажикстандын өкмөтү Интерпол аркылуу «ойдон чыгарылган айып менен» эл аралык издөөгө алынган бул аялды экстрадициялоону суранганын билдирет. Тажикстандын расмий структураларынын өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

The Insider жазгандай, Ситорамо Иброхимова Бельгиянын миграция кызматынын өкүлдөрүнө 2018-жылы Украинада уурдалган күйөөсү Тажикстанга жеткирилип, «жалданмачылык, терроризм жана тыюу салынган «Салафия» агымына мүчө болгон» деген айып менен 23 жылга эркинен ажыратылганын айткан.

Ситорамо Иброхимова анын да аты кара тизмеде экенин, Тажикстанда кыйноо коркунучу күтүп турганын билдирген.

2015-жылдан бери, Тажикстан Ислам кайра жаратуу партиясы террористтик уюм деп табылгандан кийин, анын жана бийликке каршы башка саясий топтор менен кыймылдардын көптөгөн жактоочулары Европага, анын ичинде Польшага жана Германияга качып кетишкен.

Соңку кездери Европа өлкөлөрүндөгү тажик качкындары өз мекенине депортацияланган, өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар көп кездешип жатканы кабарланууда . The Insider жана польшалык Polityka жумалыгы Европа бийлиги иштин материалдарын жакшы түшүнбөй, ак жерден айыпталган жарандарды Душанбеге өткөрүп берип жатканын жазган.

Укук коргоо уюмдары Европа өлкөлөрүн башпаанек издегендер өз өлкөсүндө кыйноого кабылып, узак мөөнөткө абакка кесилиши мүмкүн экенин эскертип, аларды Тажикстанга экстрадициялабоону сурашат.

XS
SM
MD
LG