Маалыматка караганда, жалпысынан башкы машыктыруучу Мырзагали Айтжанов баштаган штабдын 10 адиси иштен кетти.
Мындан тышкары Казакстандын бокс федерациясынын вице-президенти Азиз Кожамбетов кызматтан алынды.
Азырынча машыктыруучулар штабынын жаңы курамы жарыялана элек.
Париж Олимпиадасына Казакстандын атынан барган жети мушкердин алтоо жарым финалга чыга алган эмес. Бул оюндарда бокс боюнча эркектер курамасы бир гана күмүш медалга жете алган.