Сот аткаминерди "Ири өлчөмдө бюджеттик каражатты кымырып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал жети жылдык абак жазасынан тышкары мамлекетке 63 миллиард сум төлөп берүүгө милдеттендирилип, мүлкү конфискацияланган.
30-июлда Ташкент шаардык сотунун апелляциялык инстанциясы райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.