Бул акция өткөн жумада Калкуттагы мамлекеттик ооруканада 31 жаштагы дарыгер алгач зордукталып, андан соң өлтүрүлгөндөн кийин башталган нааразылыктардын кульминациясы болуп, Reclaim the Night ("Түндү өзүбүзгө кайтарабыз") деген аталышка ээ болду.
Дарыгер зордукталган окуя 9-августта болгон. 36 саатка созулган нөөмөттөн кийин ал семинарлар өтүүчү бөлмөдө уктап калган. Эртең менен анын өлүү денеси табылган. Шектүү катары ооруканада иштеген ыктыярчы кармалган.
Бул окуяга байланыштуу анча чоң эмес нааразылык акциялары Индиянын Дели, Хайдарабад, Мумбаи өңдүү бир катар шаарларында да өттү.