Ссылки доступа

Тажикстанга бир жарым жылдын ичинде 8,5 миңден ашык электромобиль киргизилген

Расмий маалыматтарга ылайык, 2023-жылы Тажикстанга 3 316, 2024-жылдын биринчи жарымында 5 266 даана электромобиль алып келинген.

Тажик өкмөтү 2022-жылы электр энергиясы менен жүргөн автоунаалардын импортун салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон.

Анда Душанбенин мэри 2025-жылдын сентябрына карата шаардагы таксилердин баары электромобиль болушу керектигин айткан.

Тажикстанга негизинен кытай өндүрүшүндөгү электр унаалар алып келинүүдө. Ишкерлердин айтымында, алардын баалары былтыркыга салыштырмалуу быйыл кыйла төмөндөгөн.

​
XS
SM
MD
LG