Бирок ишкерлер бул унааларды өкмөттүн токтому күчүнө кире электе эле сатып алышканын, бирок сатып алган унааларын Тажикстанга убагында жеткире албай калганын айтышууда. Эми болсо бийликтен өзгөчө жагдайды эске алып, унааларды колдонууга же сатууга, ошону менен өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн чыгымдан сактап калууну сурашууда.
«Биз сатып алган унаалар 2023-жылдын апрель-май айларында, ал эми кээ бирлери өткөн жылдын башында вагондорго жүктөлгөндүгү тууралуу документтер жана башка далилдер бар. Башында эски автоунааларды ташып келүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин узартылары айтылган. Мына ушундан улам көбүбүз ушул мөөнөттү эске алуу менен унааларыбызды жүктөгөнбүз. Экинчи себеп – Иран. Биз баарыбыз унааларды Бандар-Аббас порту аркылуу жөнөтүп жүргөнбүз, бирок жол жабылып калган», - деди ишкерлердин бири «Озоди» радиосунун журналистине.
2023-жылдын августунда тажик бийлиги “эски” унааларды алып кирүүгө тыюу салган өкмөттүн токтомун жарыялан. Мындай чечим “автопаркты реконструкциялоо, тейлөө сапатын жакшыртуу, жол кырсыктарын алдын алуу, курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алганын билдирген. Ошондон кийин тыюу 2023-жылдын 2-октябрында күчүнө кире турганы жарыяланган.
Ишкерлер Бажы кызматынын жетекчилигине, Тажикстан президентинин кызы Озода Рахмон менен уулу Рустам Эмомалиге бир нече жолу кайрылышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес.
Бажы кызматы бул унаалардын ээлерине эки жолду сунуштаган: же унааларды башка өлкөлөргө алып барып сатуу, же унааларды чачып, тетик катары сатуу. Бирок бул эки сунуш тең, автодилерлердин айтымында, алар үчүн пайдасыз. Алар банкротко учурабай, көйгөйлөрүн чечип алуу үчүн бийликтен дагы бир мүмкүнчүлүк сурашууда.