Ссылки доступа

Казакстанда "уруксатсыз мунай өндүргөн" компанияга айып пул салынды


Казакстандын Маңгыстау облусунда экологиялык уруксаты жок иш жүргүзгөн "Жалгизтобемунай" компаниясына 7,8 миллион теңге өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана 2024-жылдын 1-11-январь аралыгында экологиялык уруксаты жок мунай жана газ өндүрүү иштерин жүргүзгөн. Расмий сайтында ал "Корпорация модульная технология" жана "Позитив ойл" компанияларына тиешелүү экени көрсөтүлгөн.

Быйыл май-июнь айларында Бозачы жарым аралынын түндүк-батышындагы "Жалгызтөбемунай" иштетип жаткан кендин жумушчулары укуктары бузулуп жатканын айтып, нааразылык акциясына чыгышкан.

XS
SM
MD
LG