Бул тууралуу 19-августта Каракалпакстанда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында Каракалпакстандын тургундары үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 100 миллиард сум (8 миллион долларга жакын) бөлүнөт.
Келерки жылы облустун социалдык өнүгүүсүнө жана инфраструктурасын жаңылоого 1 триллион сумдон ашык (79 миллион доллардан ашык) каражат бөлүү пландаштырылууда. Пландаштырылган иш-чаралардын арасында 24 мектеп, 5 бала бакча жана 7 медициналык мекеменин курулушу жана оңдоо иштери бар.
Мындан тышкары өнөр жай аймактарынын жана ири өндүрүш объектилеринин инфраструктурасын жакшыртууга 353 миллиард сум (28 миллион доллар) бөлүнөт.
Бул тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө Саида Мирзиёева менен Турсинхан Худайбергеновго тапшырылды.
Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга 19-августта барган. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында IT жана социалдык объектилер текшерилип, өзбек президенти кичи райондордогу калктын жашоосу, ишканалардын иши менен таанышат.