Ссылки доступа

IPHR тажик бийлигин "жат" кийимдерге тыюу салуу чечимин жокко чыгарууга чакырды


«Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» (IPHR) уюму тажик бийлигин улуттук маданиятка "жат" кийимдерди кийүүгө тыюу салган өзгөртүүлөрдү жокко чыгарууга чакырды.

Укук коргоочулардын айтымында, бул чектөөлөр адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга, анын ичинде дин тутуу эркиндиги жана өз пикирин эркин айтуу укуктарына каршы келет.

Бул тууралуу уюмдун 19-августта жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

Тажикстанда быйыл июнда күчүнө кирген "Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, өлкөгө улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынат.

Мыйзамда "жат кийимдерге" кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Июлдун аягында Тажикстандын Уламалар кеңеши кыз-келиндерди кара, чыпташкан жана тор кийимдерди кийбөөгө чакырган фатва чыгарган. Анда чыпташкан жана тор кийимдер "дененин айрым бөлүктөрүнө басым жасай турганы", ханафи мазхабында кара кийим "милдеттүү эмес экени" жана ал Тажикстандын улуттук өзгөчөлүктөрү менен географиялык шартына "туура келбей турганы" белгиленген. Бул норманы бузгандар үчүн ири өлчөмдө айып пул төлөтүү же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

«Адам укуктары тармагындагы эл аралык укукка ылайык, ар бир адам өз оюн эркин айтууга жана өзү каалаган динди тутууга укуктуу. Адамдын кийим тандоосу анын иденттүүлүгүн, маданиятын же диний ишенимин көрсөтүү үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн. Дин тутууга жана өз оюн эркин айтууга болгон укук – бардык адамдар кийим тандоодо да эркин болушу керек дегенди билдирет», – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

IPHR мамлекет ар бир адамдын пикир айтуу жана ишеним эркиндигин сыйлап, коргоп жана кубаттоого милдеттүү экенин белгиледи.

Буга чейин Мусулман окумуштууларынын лигасы, Жарандык укуктарды коргоо боюнча мусулман тобу жана АКШнын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы мыйзамга киргизилген жогорудагы өзгөртүүлөрдү айыптап, "Талибанга" жакындыгы бар Ооганстандагы айрым дин адамдары Тажикстанга "жихад" да жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG