Ссылки доступа

АКШда мурдагы аялын аңдыган тажик жараны соттолууда


Пенсильваниянын Чыгыш округу боюнча аймактык сотунда тажик жараны Ибодулло Мухиддиновдун иши карала баштады.

20-августта документтердин көчүрмөсү менен таанышып чыккан "Озоди" радиосу Мухиддинов мурдагы жубайын аңдууга жана адам сатуу менен алектенген ири трансулуттук түйүндүн ишине катышууга айыпталып жатканын кабарлады.

Иштин материалдарына ылайык, Мухиддинов мурдагы аялын адам сатуу түйүнү аркылуу Тажикстандан АКШга мыйзамсыз жөнөткөн. Андан соң ал мурдагы жубайына коркутуулар жаздырылган аудиобилдирүүлөрдү жөнөтүп, автоунаасына Apple AirTag жабдуусун орнотуп, анын артынан аңдый баштаган. Мухиддинов мындай кадамдарга кызганычтан улам барган деп болжолдонууда.

Иштин материалдарында аялы С.К. деп гана көрсөтүлгөн. Журналисттер анын тек-жайын аныктай алышкан эмес.

Apple компаниясы 2021-жылы AirTag деп аталган аңдуу жабдуусун чыгарган. Анын диаметри үч сантиметрди түзүп, АКШда 29 доллардан сатылат. 2023-жылы AirTag "аңдуучулар менен зордукчулдардын куралы болуп калганына" даттанган ондогон адам Apple'ге каршы доо арыз жазган.

Ошондой эле иштин материалдарында Мухаддинов мурдагы аялынын катышуусунда бир нече интимдик сүрөт жана видеолорду тартып, аларды интернетке жарыялайм деп коркутуп жүргөнү белгиленген.

«Аялынын кайда жүргөнүн билүү үчүн анын автоунаасына бир нече AirTag жабдуусун орноткон. С.К. 27-мартта алардын бирин таап алып, ФБРге кайрылган. Агенттер анын унаасынан дагы алты треккер табышкан», - деп жазылган иштин материалында.

Мухиддинов 17-майда кармалган. Тинтүү учурунда анын телефонунан мурдагы аялынын 140ка жакын интимдик сүрөттөрү жана видеолору табылган.

Сотто ал тагылган айыптарды четке каккан. Эгер анын күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин түрмөгө камалып же 250 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөшү мүмкүн.

Тергөөчүлөр Мухиддинов "Орусиядан башкарылган жана ири каржы ресурстарына ээлик кылган" адам сатуу боюнча трансулуттук түйүндүн мүчөсү экенин белгилешкен. Тергөөнүн жүрүшүндө 2022-жылдын жети айында анын банк эсебине 2,3 миллион доллардан ашык каражат түшкөнү, экинчи эсебинде 2023-жылдын үч айында 2,2 миллион долларга транзакция жүргүзүлгөнү аныкталган.

11-июнда АКШда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар деген шек менен Тажикстандын сегиз жараны кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG