Ссылки доступа

Сот Көлбаевдин жан сакчыларына 50 миң сомдон айып пул салды


Кримтөюөл аталган, атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин жан сакчылары – Б.А.С., Р.М.А., А.Р.Р., К.Р.С. жана Ш.Ш.Б. аттуу жарандарды сот Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салды.

Бул тууралуу 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Алар аталган берененин экинчи бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Анын жазасы 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу деп каралган.

Сот чечимди 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган. Маалымат бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарларынан соң ачыкка чыкты.

Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал кезде анын жанында канча киши болгону жана канча адам кармалганы так айтылган эмес.

Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

XS
SM
MD
LG