Уюмдун дагы төрт өкүлү – Кристофер Эндрю, Мэтт Рид, Ализа Митха жана Николас МакГрат да Москванын "стоп-листине" киргизилген жана аларга Ага Хандын өзү сыяктуу эле Орусияга кирүүгө тыюу салынды.
Ага Хан Фондунун (Швейцария) Москвадагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын апрелинде жабылган.
Орусияда фонд мигранттарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мигранттардын балдарынын билим деңгээлин жана социалдык адаптациясын жакшыртуу, мигранттардын коомчулугунда өз алдынча органдарды түзүү боюнча иштерди жүргүзгөн. Владимир Путин Карим Ага Хан менен 2002-жылы жолуккан. Анда “узак жана ачык сүйлөшүүдө Ооганстанда тынчтыкты орнотуу маселеси талкууланганы” айтылган. 2017-жылы Ага Хан кайрадан Москвага чакырылып, аны менен Орусиянын тышкы иштер министри Лавров жолугушкан.
19-августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британ аналитикалык борборлорунун, консультациялык агенттиктеринин жана ушул сыяктуу профилдеги башка түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө каршы жеке санкцияларды киргизүү боюнча билдирүүсүн жарыялады. Кремлдин айтымында, алар “Орусияга каршы кастык көз карашты карманышат”.
Билдирүүдө бул Лондондун санкцияларына жооп экени айтылып, “Британия антиорусиялык агрессивдүү саясат жүргүзүп жатат» делген.
Ага Хан Фондунан тышкары Орусиянын “стоп-тизмесинде” дагы сегиз британиялык уюм бар: Forward Strategy Limited, Institute for Statecraft, Media Diversity Institute, Toro Risk Solutions, Chatham House, Open Knowledge Foundation, Privacy International жана Peace Child International.