«Маймыл чечегинин биздин өлкөдө жайылуу ыктымалдыгы өтө эле төмөн. Европанын оору катталган өлкөлөрүндө бейтаптарды жана алар менен байланышта болгон адамдарды изоляция кылуу, ошондой эле толугу менен натыйжалуу деп эсептелген эпидемияга каршы бардык чаралар көрүлүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, өлкөнүн 1980-жылга чейин төрөлгөн жашоочулары толугу менен чечекке каршы эмдөөдөн өткөн. Ал вакцина маймыл чечегинен да коргоп, оорунун кеңери жайылуусун азайта тургандыктан, аларда жамааттык иммунитет бар.
Ошол эле маалда мекеме жарандарды маймыл чечеги катталган өлкөлөргө барбай турууга, жапайы жаныбарлар менен жакын байланышта болбоого, жеке гигиенаны сактоого, коомдук жайларда беткап тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонууга чакырды.
2022-жылы май айынан тартып дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктурган учурлар жапырт аныктала баштаган. Ошол жылдын июль айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал жарыялаган.
ДССУ илдет кайра жайыла баштагандан улам 2024-жылдын 15-августунда экинчи ирет дүйнөлүк мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.
Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 15 ми миңдей адамда катталып, 500дөн ашык киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасы, Кения, Руанда жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.
16-августта алгачкы жолу Африкадан тыш аймакта Швеция менен Пакистанда катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти.
Дарыгерлердин айтымында, ооруу теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат.