Сүйебаевдин тарапташтары бул кылмыш ишин «саясий куугунтук» деп айтып келишет.
Шаршемби күнкү отурумда сот айыпталуучунун адвокаты Мейржан Доскараев келтирген бир катар өтүнүчтөрдү, анын ичинде кылмыш ишин токтотуу өтүнүчүн четке какты.
«Биз бул иш атайылап уюштурулган деп эсептейбиз. Сүйебаевге каршы көрсөтмө берген адам анын ишенимине кирип, аны менен бир нече күн жатаканада чогуу жашаган. Бул аралыкта ал Сүйөбаевдин картасы менен бир нече жолу колдонуп, акча которгон. Кийин тергөө учурунда «акчаны маңзат сатып алгандар которгонун» билдирген. Сот муну эске алып, ишти кошумча тергөө үчүн кайра жөнөткөн жок. Сүйебаев 2012-жылдан бери психиатриялык диспансерде каттоодо турат. Алар муну менен да колдонуп кетишти», — деди адвокат.
Иш боюнча негизги соттук териштирүүлөр 3-сентябрга белгиленди. Отурумдар сот арачыларынын катышуусунда ачык өтүшү керек.
Асанали Сүйебаев быйыл 16-майда, каттоодон өтпөгөн «Алга, Казакстан!» партиясынын мурдагы лидери, маркум Жасарал Куанышалиндин ашына баргандан кийин кармалган. Ошол эле күнү маңзат сактоо айыбы менен укук коргоочу активист Айдар Сыздыков да кармалган. Азырынча анын иши боюнча тергөө иштери аяктай элек.
Активисттердин айтымында, Сүйебаев бийликти сындаганы үчүн буга чейин да басымга кабылып келген. Ал психиатриалдык ооруканага мажбурлап дарылатууга жөнөтүлүп, бирок укук коргоочулардын кийлигишүүсүнөн кийин чыгарылган.